Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:45

Ошто жоголгон кыздын сөөгү мүрзөдөн табылды


Маркум Мария Рыбалова.
Маркум Мария Рыбалова.

Ошто бир айдан бери изделип жаткан 20 жаштагы Мария Рыбалованын жансыз денеси бүгүн калаанын Туран кичи районундагы мазардан, атасынын мүрзөсүнүн жанынан табылды. Бул тууралуу Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан "Азаттыкка" билдиришти. Сөөк канча убактан бери мүрзөдө жатканы экспертизанын жыйынтыгында билинет. Маалыматка ылайык, маркумдун жанында белгисиз дары-дармектер табылган. Милиция кыз “өзүнө кол салган болушу мүмкүн” деген версияны айтууда.

Орусиянын социалдык университетинин Оштогу филиалынын студенти Мария Рыбалова январь айынын орто чендеринде дайынсыз жоголуп кеткен. Окуу менен катар жаштар уюмдарында активдүү ыктыярчы болуп иштеп жүргөн. Декабрда атасы каза болгон. Артынан эле бир тууган агасы дүйнөдөн өткөн. Андан бери Мария депрессияга түшүп, бир жолу өз жанын кыйганга да аракет кылган. (SE)

XS
SM
MD
LG