Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:07

ЕБ жикчилдерди Минск келишимин ачыктан-ачык бузду деп сындады


Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Федерика Могерининин айтымында, Москва колдогон жикчилдер Дебальцоводогу аракети менен Чыгыш Украинада ок атууларды токтотуу жөнүндө 12-февралда кол коюлган Минск келишимин “ачыктан-ачык" бузушту. "Эгер согуш токтотулбай, Минск келишимин бузуу улана берсе, Европа Биримдиги тийиштүү чара көргөнгө даяр" деп эскертти Могерини айым.

Дебальцево жикчилдер көп бөлүгүн көзөмөлдөгөн Донецк жана Луганск облустарын туташтырган кан жолдогу стратегиялык шаар.

Украинанын өкмөттүк күчтөрү өлкө чыгышындагы Дебальцево шаарынан “пландуу жана уюмдашып” чыгып кеткенин президент Петро Порошенко 18-февралда билдирди.

XS
SM
MD
LG