Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:20

Польша 262 миң доллар компенсация төлөйт


Польшадагы АКШнын Борбордук чалгындоо агенттигинин (ФБР) жашыруун түрмөсүндө кармалган эки жаранга 262 000 доллар компенсация төлөнөт. Бул жөнүндө Польшанын тышкы иштер министри Гже́гож Схеты́на 18-февралда жарыя кылды. Анын алдында Адам укугу боюнча Европа соту Польшанын доо арызын четке каккан эле.

Былтыр июлда Адам укугу боюнча Европа соту террорчу деп шектелген палестиналык Абд ал-Рахим ал-Насири менен 2000-жылы АКШнын аскерий кемесине (U.S.S. Cole) жасалган чабуулду уюштурду деп айыпталган саудиялык Абу Зубайдын адамдык насили кордолгон, “кыйноого жана адамгерчиликсиз мамиле жасоого жол коюлган” деп, Польша өкмөтүн күнөөлөгөн.

Польша Борбордук чалгындоо агенттигинин жашыруун түрмөсү 2002-2003-жылдары гана болгонун жана Европа соту өзүнчө тергөө жүргүзгөнүн айтып, доо арыз менен кайрылган болчу.

XS
SM
MD
LG