Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:03

Бишкектин социалдык көйгөйлөрү атайын жыйында каралат


Бишкектеги "Ош" базарынын айланасы.
Бишкектеги "Ош" базарынын айланасы.

Бишкек мэриясында бүгүн шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча комиссиясы калаанын негизги көйгөйлөрү жана аларды чечүү жолдору тууралуу маалымат берет. Күн тартибине калаа четиндеги конуштардын маселелери да кирген. Ошондой эле коммуналдык кызмат көрсөтүүнүн абалы, Улуу Жеңиштин 70 жылдык майрамын уюштуруу боюнча сунуштар айтылат. Бул тууралуу шаардык бийликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Акыркы кездери Бишкекте таштандылардын убагында тазаланбай жатканы, жашылдандыруу маселесине көңүл бурулай баратканы коомчулукта негизги көйгөй катары көп айтылып жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG