Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:30

БУУ Ооганстанда 2014-жылы курман болгондор саны өскөнүн билдирди


Ооган чек арачыларынын талиптерге каршы жүргүзгөн операциясы. 18-февраль, 2015-жыл.
Ооган чек арачыларынын талиптерге каршы жүргүзгөн операциясы. 18-февраль, 2015-жыл.

Бириккен улуттар уюму өткөн жылы ар кандай кол салуулардан улам Ооганстандагы ;жөн-жай тургундар арасында каза тапкандардын саны 22 пайызга өскөнүн жарыялады. Бул соңку беш жылдагы эң бийик көрсөткүч. Уюмдун Ооганстанга жардам берүү миссиясынын 18-февраль күнкү баяндамасында айтылгандай, 2014-жылы расмий эсепте 10548 киши мерт кетти. Андан бир жыл мурун 8637 адам курман болгон эле. Маркумдардын 72 пайызы талиптердин чабуулунан, 12 пайызы өкмөттүк күчтөрдүн соккусунан, 2 пайызы чет элдик кошундардын огунан каза тапкан. Пакистан менен чектеш аймактардагы атышууларда мерт кеткендер өлгөндөрдүн бир пайызын түзөт.

АКШ жана НАТО күчтөрүнүн Ооганстандагы согуштук миссиясы 2014-жылдын аягында расмий түрдө бүткөн. Андан бери мамлекет коопсуздугу ооган армиясынын моюнунда.

XS
SM
MD
LG