Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:27

Баткенде курал саткан дүкөндөр көбөйдү


Кыргызстанда курал саткан мыйзамдуу дүкөндөрдүн саны өстү. Бир эле Баткен облусунда өткөн жылы 3 дүкөн ишке кирди. Мурда аймакта мындай дүкөн болгон эмес. Бул чек арадагы чыр-чатактардын көбөйүшүнө байланыштуу экендигин “Азаттыкка” ИИМдин Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгынын лицензиялоо жана уруксат берүү бөлүмүнүнүн зардалы Бактыбек Кубакаев билдирди. Анын айтымында, учурда Бишкекте 8, Ошто 4, Жалал-Абад менен Көлдө экиден, Таласта бир курал сатуучу мыйзамдуу дүкөндөр иштеп жатат.

Жогорку Кеңеш чек ара аймактарында жашаган жай тургундарга курал берүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алган. Бирок аны президент артка кайтарган. (SA)

XS
SM
MD
LG