Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 07:50

Обама: АКШ ислам эмес, терроризм менен күрөшүп жатат


АКШ президенти Барак Обама анын өлкөсү ислам динине эмес, терроризмге каршы күрөш жүргүзүп жатканын айтты. Бул тууралуу ал 18-февраль күнү Ак үйдө экстремизмди алдын алуу боюнча өткөрүлгөн жолугушууда сүйлөп жатып билдирди:

- Биз исламга каршы согушуп жаткан жокпуз. Биз ислам динин жамынып, мусулманчылыкты экстремизмге айлантууга аракет кылгандар менен күрөшүп жатабыз. Эч кайсы дин терроризм үчүн жоопкер эмес. Зомбулук жана экстремизм үчүн жоопкерчилик адамдардын моюнунда,- деди Обама.

Ошондой эле ал өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган топтун башчылары диний лидерлер эместигин, алар террорист экендигин белгиледи жана бүтүн дүйнөгө коркунуч салып жаткан радикал топтор тарабынан күнөөсүз кишилердин кордолуп жатышы исламды коргоо болуп эсептелбей турганын белгиледи.

Мурдагы президент Жорж Буш дагы Кошмо Штаттар ислам динине каршы эместигин бир канча ирет айткан.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG