Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:28

Швецияда өзбек жарандары ИМ тобуна көмөктөшкөнү үчүн кармалды


Швецияда өзбекстандык төрт киши каржылык кылмыштарга байланыштуу жана өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган экстремисттик топко "акчалай жардам берип жүрөт" деген шек менен кармалды. Колго түшкөндөр борбор калаа Стокгольм шаарында жашайт. Үчөө Швециянын жарандыгын алган. 32-51 жаштагы шектүүлөр арасында бир аял киши да бар.

Тергөө маалыматтарына ылайык, алар салыктан качып, мыйзамсыз жол менен акча таап, кирешелеринен Сириядагы “Ислам мамлекети” радикал тобуна акча жөнөтүп турушкан. Алар шейшемби күнү колго түшкөнүн Dagens Nyheter гезити жазып чыкты.

XS
SM
MD
LG