18-февраль күнү кечки саат 21:11де Жалал-Абад облусунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Анын очогу Аксы жана Ноокен райондору чектешкен аймактарда болгон.
Жер титирөө Кызыл-Жар айылында 4,5 балл, Үч-Коргон, Шамалды-Сай айылдарында 4 балл, Бүргөндү айылында 3,5 балл, Таш-Көмүр, Майлуу-Суу шаарларында 3 балл, Ош, Жалал-Абад шаарларында 2-3 балл болду. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча кыйроолор жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Сейсмология институту быйыл Кыргызстанда жер силкинүү көп катталарын эскерткен. (SE)