АКШ сноубордчулары, олимпиадалык оюндардын катышуучулары Фей Гулини менен Жастин Рейтер Каракол тоо-лыжа базасына келишти.
Алар Каракол шаарындагы жана Ак-Суу районундагы балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларын сноуборд тебүүгө үйрөтүшүп, тоо спортунун бир канча түрлөрү боюнча машыгууларды өткөрүшөт.
Америкалык спортчулардан 25 бала сабак алганы жатат. Иш-чара эки күнгө созулуп, анын алкагында сынактар, эстафеталар уюштурулат. Таланттуу балдарга белектер берилет.
Америкалык сноубордчулар буга чейин Бишкектеги «Чуңкурчак» лыжа базасында болушкан.
Иш-чараларды АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу астында «Жетим балдардын укугун коргоо» коомдук фонду уюштурууда. (AsA)