Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:18

Кочкорлуктар нааразычылык акциясына чыгышты


Нарын облусундагы Кочкор районунун тургундары нааразычылык акциясына чыгышты. Райондук соттун төрагасы Шаршенбек Астаркуловго каршы 30га чукул адам нааразылычык акциясын Кочкор айылындагы маданият үйүнүн алдында өткөрүштү.

Алар Астаркулов 9 жылдан бери адилет чечим чыгарбай өз каалаганын кылып жатат деп айып тагып, кызматынан кетсин деген талап коюшту.

Нааразычылык акциясына чыккандарга Кочкор райондук сотунун өкүлдөрү келген жок. Шаршенбек Астаркулов митингге чыккандардын пикирин четке кагып, сотто утулуп калган тараптар ага каршы чыгып жатышкандыгын “Азаттыкка” билдирди. (MiK)

XS
SM
MD
LG