Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:07

Ноокат райондук сотунун жардамчысы пара менен кармалды


Ноокат райондук сотунун төрагасынын жардамчысы сот төрагасынын кабинетинде, 33 миң сом жана 100 доллар пара алып жатканда кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Маалыматка караганда, Т. аттуу жаран Ош ИИБине кайрылып, райсоттун төрагасынын Асылбек аттуу жардамчысы жарандык сот ишин анын пайдасына чечип берүүнү убада кылып, 120 миң сом талап кылганын айтат.

Учурда бул боюнча “опузалап, пара талап кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. (МТо)

XS
SM
MD
LG