19-20-февралда жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Каракол-Эңилчек, Казарман-Акталчат унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
20-февралда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…1, күндүз 7…12,
Талас жергесинде түнкүсүн -1…-6, күндүз 7...12,
Баткенде түнкүсүн -2...3, күндүз 7...12,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3...2, күндүз 7...12,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6,
Нарын облусунда түнкүсүн -13...-18, күндүз 0...-5,
Бийик тоолуу райондордо -22...-27, күндүз -4...-9 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 1-6 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүзү 9…11 градус