Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин Орусиядагы расмий өкүлү Аскат Алиев билдирди.
- Кыздын ким экендиги, каерде ур-токмокко алынганы белгисиз. Ошентсе да иликтөө жүрүп жатат. Жабырлануучуну тааныгандар болсо Кыргызстандын Ички иштер министрлигине, же министрликтин Москвадагы өкүлчүлүгүнө, 8925 305 03 88 номерине кайрылууну өтүнөбүз. Айтып келген кишинин аты-жөнү жашыруун каларына кепилдик бар, - деди Алиев.
Жакында болжол менен 18-20 жаштагы кызды үч-төрт жигит уруп жатканы көрсөтүлгөн тасма интернетке тараган. Бети канжалап, айланадагылардан жардам сураган кыз да, аны уруп-тээп жаткандар да кыргызча сүйлөшөт. Бирок алар кызды кордоого эмне себеп болгонун айтышкан эмес. Видеонун соңунда сабалган кызды калтырып качып кетишкен.
Аталган тасма мурда да Орусияда тартылып, жарыяланып келген, кыргыз мигрант кыздарын "жазалоо" тасмаларына окшош. Мындан улам интернет колдонуучулары окуя Орусияда болгон деп болжошууда. (МТо)