20-февралдан тарта Кыргызстандан Индия борбору Дели шаарына авиакаттам кайра жанданат. Бишкек - Дели - Бишкек каттамын мындан ары ар аптанын жума күнү Air Manas авиакомпаниясы “Боинг 737-800” учагы менен аткарат. Бул тууралуу “Азаттыкка” эл аралык “Манас” аэропортунан кабарлашты. Аталган каттам алгач 2014-жылы ачылып, кийинчерээк токтоп калган.
Учурда Кыргызстандан дүйнөнүн он мамлекетине учак каттайт. Алар – Кытай, Орусия, Түркия, Монголия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Азербайжан, Индия жана Бириккен Араб Эмираттары. (SE)