Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:47

Мосулду кайтаруу операциясы жазында башталат


Ирактын экинчи ири шаары Мосулду “Ислам мамлекети” радикалдык уюмунан кайтаруу боюнча операция апрель-май айларында башталат. Бул тууралуу АКШ армиясынын атын атабаган расмий өкүлү билдирди. Анын айтымында, операцияга 20-25 миңдей жоокер тартылмакчы. Бул максатта жакынкы күндөрдө Ирак армиясынын беш бригадасы коалициянын машыгуусунан өтөт. Алардан тышкары чабуулга күрттөрдүн Пешмерга аскерлери да катышат. Маалыматка караганда, АКШ Ирак аскерлерин машыктыргандан тышкары абадан колдоо көргөзүп, чалгындоо маалыматы менен камсыздап турмакчы.

Согушкерлер Мосулду өткөн июнда ээлеп алышкан.

XS
SM
MD
LG