Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:07

Келдибеков үй камагына калтырылды


Бүгүн Биринчи май райондук соту депутат Акматбек Келдибековду Бишкектеги №1 тергөө абагына камоону сураган Башкы прокуратуранын өтүнүчүн четке какты.

Башкы прокуратура Акматбек Келдибековго каршы козголгон кылмыш иштин оор экенин жана айрым күбөлөргө басым көрсөтүлүшү мүмкүн экенин негиз кылып, аны камакка алууну суранган.

Судья Абдразак Боромбаев Акматбек Келдибековду үй камагында калтырууну чечти.

Келдибековдун коомдук коргоочусу Мамбетжунус Абылов ал дарыланууну улантуу үчүн кайрадан Германияга кетерин, мындай зарылдыкты тастыктаган тийиштүү медициналык аныктамалар бар экенин айткан.

“Ата-Журт” фракциясынын депутаты Келдибеков коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып, 2013-жылдын күзүндө камалган. 2014-жылдын августунда соттун уруксаты менен чет элге дарыланууга кеткен. Кыргызстанга 10-февраль күнү кайра келген. (МТо)

XS
SM
MD
LG