Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:15

“Винлайн” СОРМ боюнча Конституциялык палатага кайрылды


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Винлайн” ("Сапатком") компаниясынын башкы директору Акан Макаев билдирди.

Анын айтымында, бул боюнча кабыл алынган мыйзамдагы 24 саат бою соттун чечимисиз эле пассивдүү тыңшоого уруксат берген нускама жарандардын укугун бузат.

- Нускама жарандардын сүйлөшүүсүнүн, кат алышуусунун купуялуулугун бузат. Анын үстүнө тыңшоочу жабдыктар байланыш операторлорунун эсебинен алынсын деген талап ишкер чөйрөнүн укугун тебелеп, ашкере чыгымга учуратат, - деди Макаев.

Мурдараак Жогорку Кеңеш УКМК сунушу боюнча, кылмыштын изин суутпай издөө максатында, байланыш операторлоруна тыңшоочу жабдууларды орнотууга уруксат берген болчу.

Конституциялык сот арыз түшкөнүн, эми карай тургандыктарын билдиришти. (МТо/KJ)

XS
SM
MD
LG