Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:44

Украинанын башкы чекисти орус президентинин жардамчысын айыптады


Украинанын коопсуздук кызматынын төрагасы былтыр февралда Майдандагы демонстранттарга ок ачкан снайперлерди Орусия президентинин жардамчысы Владислав Сурков жетектеп турган деп билдирди. Валентин Наливайченко "1+1" деген жергиликтүү каналдардын бирине курган маегинде айткандай, мындай маалымат коопсуздук кызматынын "Альфа" бөлүмүнүн кызматкерлеринен суракта алынган.

Башкы чекист ошондой эле 2013-жылдын декабрынан былтыркы февралга чейин Киевге ФСБнин кызматкерлеринен куралган 3 топ келип кеткенин, алар нааразылык акцияларын кууп таркатууну даярдоо менен алектенген жана ошол операцияны координациялоо Сурковго жүктөлгөн деп ырастоодо.

Бүгүн Украинада бир жыл мурун Евромайданда набыт кеткен демонстранттарды эскеришүүдө. 18-21-феврал күндөрү ошол кездеги өкмөткө баш ийген коопсуздук күчтөрү менен кагылышууларда 100дөн ашуун киши, арасында 17 аскер набыт кеткен. Анын алдында нааразылык акциясынын дагы 9 катышуучусу ар кандай жагдайларда каза тапкан. Президент Петро Порошенконун буйругу менен кайгылуу окуялардын элесине 20-февраль эскерүү күнү деп жарыяланган.

XS
SM
MD
LG