Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:42

Казакстанда кыргыз жаран кутум үчүн соттолду


Казакстандын Темиртоо шаарынын соту радикал исламчыл топтун эки жолдоочусун теракт даярдоону көздөшкөн деген айып менен абакка кести. Казакстан жараны Дмитрий Николаев 11 жана Кыргызстандын жараны Адилет Темирканов 8 жылга эркинен ажыратылды. Николаев Сириядагы радикалдарга кошулууга чейин бир нече убакыт Египетте жашаган. Тергөөчүлөрдүн айтымында, алар казак жарандарын Сириядагы исламчыл согушкерлердин катарында согушууга жалдоону көздөшкөн.

Николаев Темиртоонун жанындагы аскердик базага жана полиция бөлүмүнө кол салууну пландаганын мойнуна алды.

Казак бийлигинин расмий маалыматына ылайык, 2014-жылы Сириядагы согушкерлердин катарын казакстандык 330дөй киши толуктаган. Диний экстремизмге шектелген адамдарды табуу үчүн коопсуздук органдары акыркы жылдары бир нече операция жүргүзүшкөн.

XS
SM
MD
LG