Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:26

Бир күндө 112 кызматына 231 жалган чалуу болгон


Өткөн суткада 112 номерине 290 киши чалып, анын 231и жалган болуп чыккан. Он адам медициналык жардам сурап кайрылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Абдышарип Бекиловдун "Азаттыкка" маалымдашынча, телефон чалуулардын жарымы Бишкектен, жарымы Ош шаарынан түшкөн.

- Айрымдар 112 кызматын эрмектеп алышты. Жардам сурагандар эмес, ойноп чалгандар көп болууда. Ушундан улам жалган чалууларды токтотуу үчүн чара көрүү багытында тиешелүү кызматтар менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

112 кызматы өткөн жылдын 15-декабрында Бишкек, Каракол жана Ошто ачылган. (ZMa)

XS
SM
MD
LG