Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:45

Президент кар көчкүдө калгандардын үй-бүлөсүнө жардам бөлдү


Президент Алмазбек Атамбаев кар көчкүдө калып, көз жумган Жерге-Тал айылынын эки жашоочусунун үй-бүлөсүнө материалдык жардам жиберди. Өлкө башчысынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Президенттин Социалдык коргоо жана колдоо фондунан ар бир үй-бүлөгө 50 миң сом бөлүндү.

18-февралда Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айылынын үч тургуну, Мирбек уулу Жээнбай, Адылбек Төлөнбаев жана Уланбек Шералы уулу жайлоодон жылкы айдап келүү максатында Кашка-Суу жайлоосуна барган учурда кырсыкка кабылышкан.

Натыйжада 33 жаштагы Адылбек менен 22 жаштагы Мирбек мерт кеткен. Кырсыктан аман калган 29 жаштагы Уланбек айыл тургундарына маалымат берген. Издөө иштерин маркумдардын жакындары жана райондук жарандык коргонуу кызматынын адистери жүргүздү. (ZMa)

XS
SM
MD
LG