Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештеги өзүнүн ыйгарым өкүлү Молдакун Абдылдаевге 19-февралда парламенттин пленардык отурумунда бурмаланган маалымат берген үчүн сөгүш жарыялады. Бул тууралуу буйрукка Алмазбек Атамбаев бүгүн кол койду.
19-февралда мамлекет башчысынын Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаев “президент диний кийимге каршы эмес” экенин жана Нарындын Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын хижаб кийүүгө тыюу салган чечими жокко чыгарылганын парламенттин жыйынында айткан болчу.
Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү Абдылдаевдин диний кийим-кечеге байланыштуу айткандарына карата түшүндүрмө берген. Анда Абдылдаев айрым мектеп окуучуларынын хижаб кийип жүргөндүгүнө байланыштуу мамлекет башчысынын позициясын туура эмес түшүндүрүп койгондугу айтылган.