Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:14

12-кичи райондо ымыркайдын сөөгү табылды

Кечээ 12-кичи райондо таштанды чогултчу жайдан жаңы төрөлгөн ымыркайдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Соттук-медициналык эксперттин катышуусу менен жүргүзүлгөн иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча, наристенин денесинде жаракат табылган эмес. Наристени таштап кеткендерди издөө иштери уланууда. (ZMa)

XS
SM
MD
LG