Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:02

Өткөн жылы өндүрүштө 61 кишинин өмүрү кыйылган


Өндүрүштө жаракат алгандардын саны эң көп катталган тармак - өнөр жай
Өндүрүштө жаракат алгандардын саны эң көп катталган тармак - өнөр жай

2014-жылы өндүрүштө жалпысынан 159 кырсык болсо, андан 176 адам жабыркаган, 61 киши каза тапкан. Өндүрүштө жаракат алгандардын саны эң көп катталган тармактар - өнөр жай, курулуш жана транспорт.

Бул тууралуу Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциянын директорунун орун басары Расул Артыкбаев ведомствонун коллегиясында билдирди.

Өткөн жылы Кыргызстанда жалпысынан жарандардын эмгек укугун бузган 3 381 учур катталган жана буга байланыштуу инспекторлор 1049 жазма эскертүү берген.

"Кумтөр Оперейтинг компани", "Алтынкен", "Чайна Петроль компани" өңдүү ири уюмдар текшерилген. Анын натыйжасында бир катар эмгек мыйзамдары бузулганы аныкталган. Ушул текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кызматкерлердин укуктары корголгон, айрым материалдар Башкы прокуратурага жиберилген", - деди Артыкбаев.

Артыкбаев өндүрүштө коопсуздукка көзөмөлдү күчөтүү боюнча көрүлүп жаткан чараларга карабастан, иш ордунда жаракат алгандардын көрсөткүчү азайбай жатканын белгиледи. (ZMa)

XS
SM
MD
LG