Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:24

Ошто биометрикалык каттоо өнөктүгүнүн жүрүшү талкууланат


Ошто жергиликтүү бийликтин, Мамлекеттик каттоо кызматынын жана өкмөттүк эмес уюмдардын катышуусунда биометрикалык каттоо өнөктүгүнүн жыйынтыгы чыгарылып, көйгөйлөрдү чечүү жолдору 24-февралда Ошто, 25-февралда Жалал-Абад шаарларында талкууланат. Бул тууралуу "Азаттыкка" «Таза шайлоо» ассоциациясынын өкүлү Элвира Икрамова билдирди.

«Талкууда биометрикалык маалыматтарды чогултуунун жарым жылдык жыйынтыгы чыгарылат. Тегерек столдо буга чейинки жетишкендиктер жана кетирилген кемчиликтерди жоюу жолдору талкууланат», - деди Элвира Икрамова.

Буга чейин бейөкмөт уюмдар биометрикалык маалыматтардын коопсуздугу, сапатынын төмөндүгү, өкмөт тарабынан жеткиликтүү маалыматтын берилбей жатканы жана өз маалыматын берүүдөн баш тарткан жарандарды ынандыруу иши солгун жүрүп жатат деп сындап келишкен.

Бүгүнкү күнгө чейин 2.5 млн жарандан биометрикалык маалымат жыйналган. Каттоодон өткөндөрдүн көпчүлүгүн Ош облусунун калкы түзөт. (YI)

XS
SM
MD
LG