Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:36

Токмоктогу "Себат" лицейинде 57 окуучу ууланды


"Себат" лицейи
"Себат" лицейи

Токмоктогу кыргыз-түрк "Себат" лицейинде окуучулардын жапырт уулануусу катталды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ооруларды алдын алуу жана мамсанэпидкөзөмөл департаментинин директорунун орун басары Асылбек Сыдыканов билдирди. Анын айтымында, учурда балдардын абалы орто.

Кечээ саат 11 чамасында окуучулардын ичи ооруп, кусуп, жардам сурап кайрыла баштаган. Түштөн кийин уулангандардын саны 57ге жеткен. Бардыгына алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн. Он окуучу Токмок шаардык аймактык ооруканага жиберилген. Кечке жуук балдар ооруканадан чыгарылган.

Асылбек Сыдыканов учурда лицейдин ашканасында текшерүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады. (ZMa/BCh)

XS
SM
MD
LG