Бишкек шаардык мэриясынын "Тазалык" муниципалдык ишканасы жазгы режимге бир апта эрте өтүүдө. Бул тууралуу "Тазалыктын" жетекчиси Рыспек Сарпашев билдирди.
"Тазалык" жазгы режимге жыл сайын 1-мартта өтчү. Бул жылы жаз бир апта эрте келгендиктен ишкана көнгөн режимин өзгөртүүнү чечти деп кабарлашты мэриянын басма сөз кызматынан.
"23-февралда шаардын көчөлөрүнө 8 жуучу машине чыгат", - деп билдирди ишкананын жетекчиси. (ZMa)