Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:25

Жерүй кенине конкурс 23-мартта өтөт


Конкурс эки бөлүктөн өтөрүн, экөөнө тең 30 күндөн берилерин "Азаттыкка" Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев билдирди.

Конкурсту өткөрүү үчүн Зилалиев башында турган комиссия түзүлдү.

- Конкурстук комиссия чогулду. 23-мартта өткөрөбүз деп турабыз. Бул биринчи бөлүгү. Негизи сынак эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүк үчүн 30 күн, экинчи бөлүк үчүн дагы 30 күн берилет. Баштапкы баа мурункудай эле 100 млн. доллар деп турат. Бирок ал жерде мындай мүмкүнчүлүк берилет: эгерде компаниялар көбүрөөк беребиз десе, ар бир он млн. доллар үчүн бир баллдан кошулат.

Өкмөт өткөн жылы да өлкөдөгү экинчи ири алтын кен - Жерүйдү сынакка коюп, бирок ал өтпөй калган. Анда кендин баштапкы баасы 300 миллион доллар деп бааланган болчу. Эксперттер баштапкы баанын жогору болушу жана соттошуулар конкурстун үзгүлтүккө учурашына алып келгенин билдиришкен. (ZMa)

XS
SM
MD
LG