Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:33

“Коопсуз шаар” боюнча өткөн тендерге комиссия мүчөлөрү макул эмес


26-27-январда Бишкек шаарында “Коопсуз шаар” долбоорунун тендердик комиссиясынын чечимине анын мүчөсү, Ош шаарынын вице-мэри Кутманалы Абдырахман уулу макул эмес. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Тендердик комиссиянын отурумунда Ош, Бишкек, Каракол шаарларына, Бишкек-Каракол жолуна видео байкагычтарды орнотууга жарыяланган тендердин жыйынтыгы чыгарылган. Тендерге беш компания катышкан. Алар: Huawei Technologies Co., LTD, Ozone Iletişim Teknolojileri, Anteo Worldwidе, Dessa International жана "Стилсофт Бишкек" компаниялары.

Вице-мэрдин баамында, тендер өткөрүү шарттары боюнча экономикалык эң аз жана сапаттуу иш алып бара турган компания эмес, экономикалык эң көп сумманы сунуштаган компания утуп чыккан.

- Тендерге катышкан “Стилсофт Бишкек” компаниясы 62 млн. доллар сунуштады. Ал эми үч компания андан аз бааны көрсөтүшкөн. Эң аз бааны - 49 млн. сомду “Топформ” (Topformkg) компаниясы сунуштаган. Бирок ошол эң көп бааны сунуштаган компания утту дешкени үчүн комиссиянын чечимине макул болбодум.

Ички иштер министрлиги өткөргөн тендерге жалпысынан сегиз компания катышып, алардын ичинен бешөө экинчи турга өтүшкөн. Долбоорду ишке ашыруу үчүн жалпысынан 72 млн. доллар каралган. (ZMa)

XS
SM
MD
LG