АКШнын мамлекеттик катчысы Жонн Кэрри бүгүн Тегерандын талаштуу ядролук программасы боюнча Ирандын мартабалуу өкүлдөрү менен сүйлөшүү баштоодо. Эки күндүк жолугушуунун алдында Кэрри «олуттуу айырмачылыктар» кала берип жаткандыгын белгилеп, эгер Тегеран анын ядролук программасы тынчтык мүнөздө экендигин далилдей албаса, президент Барак Обама сүйлөшүүдөн баш тартышы мүмкүн деп эскертти. Женевадагы сүйлөшүүлөргө Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф жана АКШдан энергетика катчысы Эрнест Мониц жана башкалар катышаары кабарланган.