Украин бийликтери өлкөнүн чыгышындагы Харков шаарында эки киши набыт болуп, 11 адам жараат алган жардырууга байланыштуу төрт украин жараны кармалгандыгын билдирүүдө. Полициянын маалыматына ылайык, 22-февралдагы жардыруудан бир полициячы, бир карапайым адам каза тапты. Жараат алгандардын төртөө да тартип коргоочулар.
Бомба экс-президент Виктор Януковичтин кулатылышынын бир жылдыгына арналган тынчтык жүрүшү өтүп жаткан жерде жарылды. Өлкөнүн коопсуздук кызматынын билдиргенине караганда, кармалган төртөө Орусиянын Белгород шаарында машыгуудан өтүп, курал алып келишкен.