Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:39

Ооганстандан АКШ аскерин чыгаруу жайлашы мүмкүн


АКШнын коргонуу катчысы Эш Картердин айтымында, ооган өкмөтү менен сүйлөшүүдөн кийин Ооганстандан америкалык аскер күчтөрүн чыгаруу жайлашы мүмкүн. Пентагондун жаңы жетекчиси бул тууралуу 21-февралда Кабулда ооган президенти Ашраф Гани менен өткөргөн пресс-конференцияда сүйлөп жатып айтты. АКШ Ооганстандагы согуштук аракеттерин 2014-жылы декабрда бүттү деп жарыялаган, бирок азганактай америкалык аскерлер ооган армиясын машыктыруу үчүн калтырылган. Президент Обама аскерлердин саны үстүбүздөгү жылы жарымына чейин азайтып, бардыгы 2016-жылы чыгып кетет деп жарыялаган. Эки өлкөнүн жетекчилери маселени ооган президенти март айында Вашингтонго барганда талкуулашат.

XS
SM
MD
LG