Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:06

Керри менен Зариф Тегерандын өзөктүк программасын талкуулоодо


АКШ мамкатчысы Жон Керри менен Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Зарифтин эки күндүк сүйлөшүүсү 22-февралда Женевада башталган. Сүйлөшүүнүн алдында Жон Керри тараптардын ортосунда пикир келишпестик сакталып жатканын билдирген. Ал ошондой эле АКШ президенти Барак Обама Иран өзөктүк программасы тынчтык максат үчүн гана багытталганын далилдебесе, сүйлөшүүдөн баш тартууга даяр экенин эскертти.

Женевада өтүп жаткан сүйлөшүү Батыш өлкөлөрү менен Ирандын 31-мартка белгиленген келишимге кол коюусун утурлай өтүп жатат.

АКШ баштаган батыш өлкөлөрү Иранды өзөктүк программасы үчүн айыптап, бир катар санкцияларды киргизген. Расмий Тегеран болсо программа тынчтык максатты гана көздөөрүн билдирип келет.

XS
SM
MD
LG