Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:32

Коррупция менен күрөшкө жарандык коом тартылат


Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштү жакшыртууга жарандык коом да активдүү тартылат. Бул тууралуу экономика министри Темир Сариев 2012-2014-жылдарга карата Коррупцияга каршы пландын аткарылышы боюнча жыйында билдирди.

Министрдин айтымында, жемкорлукту жоюу үчүн биринчи кезекте коомдун аң-сезимин өзгөрүп, адамдар арасында мындай көрүнүшкө каршы маанайды түзүү маанилүү.

План боюнча үч жыл аралыгында Экономика министрлигинде коррупцияга каршы 98 иш-чара өткөрүлүшү керек болсо анын 72си аткарылган.

Эл аралык Transparency International уюмунун маалыматы боюнча Кыргызстанда коррупция менен күрөш көрсөткүчү боюнча соңку үч жылда 164-орундан 136-орунга көтөрүлгөн. Бирок, министр Сариевдин айтымында, азырынча өлкөдө жемкорлуктун жайылышы жогорку деңгээлде калууда. (RK)

XS
SM
MD
LG