Ысык-Көл облусундагы Чок-Тал айылынын жашоочулары Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүн мурда жетектеп кеткен Көлбай Карасартов аймактагы жерлерди мыйзамсыз түрдө жеке менчикке сатып жибергенин айтып, нааразы болуп жатышат. Бул тууралуу “Чок-Тал жаштары” коомдук бирикмесинин төрагасы Азамат Көбөков билдирди. Анын айтымында, Карасартов жетекчилик кылып турган учурда башка аймактан келгендерге 4-5 гектарлаган жерлер сатылган. Ушул тапта айылда үй салуу үчүн жер жок. Буга байланыштуу 22-февралда тургундар чогулуш өткөрүп, бул боюнча Карасартов өзү келип, түшүндүрмө бериши зарыл деген бүтүмгө келишкен.
Азыр Каракол шаарынын вице-мэри болуп турган Көлбай Карасартов 2001-2009-жылдары Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүн башкарган. Ал жашоочулар менен жолугушуп, сүйлөшүүгө даяр экенин, жерлерди жеке менчикке өткөрүү боюнча токтом айылдык кеңештин депутаттарынын чечимине ылайык чыгарылганын “Азаттыкка” билдирди. Ошондой эле жерлердин баары сырттан келгендерге эмес, жергиликтүү тургундарга да сатылганын айтты.
Ысык-Көл районундагы Чоң-Сары-Ой айыл аймагына Чок-Тал, Өрнөк, Чоң-Сары-Ой, Сары-Ой жана Бает айылдары кирет. (AsA)