Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:35

Украина согуш талаасынан оор техникасын чыгарууну баштабайт


Украина чыгышында жикчилер ок атууну токтотпогону үчүн жаңжал аймагынан оор техниканы чыгарууну баштабайт. Армиянын расмий өкүлү Анатолий Стельмахтын бүгүн билдиришинче, жикчилер ок атууну токтотпой жатат. Өткөн түнү эки ирет өкмөттүк аскерлерге ок ачышты. Мындан улам армия жикчилер ок атууну толугу менен токтотконго чейин оор техникасын чыгарып кетпей турган болду. Муну армиянын дагы бир өкүлү Владислав Селезнев да тастыктады.

12-февралда Минскте Германия, Франция, Украина жана Орусия лидерлери жетишкен келишимге ылайык 15-февралда түн ортосунда ок атышуу токтотулмак.

Украин армиясы азыркы согуш линиясынан, орусиячыл жикчилер былтыр 19-сентябрда Минскте белгиленген чектен оор аскердик техникасын алып кетиши керек болчу. Ошондой эле 140 чакырымга созулган буфердик зона түзүү каралган.

XS
SM
MD
LG