Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:20

“Бөрдмэн” тасмасы төрт “Оскар” жеңди


Мексикалык режиссер Алехандро Гонсалес Иньярриту
Мексикалык режиссер Алехандро Гонсалес Иньярриту

Мексикалык режиссер Алехандро Гонсалес Иньярритунун “Бөрдмэн” аттуу комедиялык драмасы “Эң мыкты тасма” сыйлыгы баш болгон төрт “Оскардын” айкелчесине ээ болду. Америкалык киноакадемиянын сыйлык тапшыруу аземи жекшембиде Лос-Анжелесте өттү.

“Бөрдмэн” кайсы бир учурда атактуу болуп, кийин атагын кайтарууну каалаган актердун тагдырын баяндайт.

“Эң мыкты актер” номинациясын Паркинсон оорусуна чалдыккан физиктин ролун аткарган британ актеру Эдди Редмэйн багындырды. Ал эми “Эң мыкты актриса” номинациясын Жулианна Мур алды.

Поляк режиссеру Павел Павликовскийдин “Ида” фильми “Чет элдик эң мыкты тасма” номинациясына татыктуу болду. Ак-кара түстөгү тасмадагы окуялар 1960-жылдары Польшада болгон. Анда диний кызматка кабыл алынар учурда гана теги жөөт экенин билген Ида аттуу кыздын тагдыры сүрөттөлгөн.

Ал ушул эле номинацияга талапкер болгон орусиялык режиссер Андрей Звягинцевдин “Левиафан” тасмасын артка калтырды.

XS
SM
MD
LG