Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:12

Греция эл аралык кредиторлорго өз программасын сунуштайт


Грециянын өкмөтү бүгүн эл аралык каржы уюмдарына экономикалык программасын сунуштайт. Эл аралык валюта кору, Еврокомиссия жана Европанын Борбордук банкы аталган программаны талдап чыгып, Афиныга мындан аркы жардам боюнча чечим кабыл алат. Буга чейин кабыл алынган программага ылайык 274 миллиард доллар жардам көрсөтүү каралган.

Январдагы шайлоодон кийин өкмөт башына келген премьер-министр Алексис Ципрас мурунку өкмөттүн эл аралык жардам алуу үчүн чыгымдарды үнөмдөө саясатын сындап, аны жумшартуу убадасын берген. Премьер-министр шайлоо алдындагы бардык убадаларын өкмөт аткарарын, анын ичинде 240 миллиард евролук карыз алуу үчүн иштен кетирилген мамлекеттик кызматкерлерди кайра жумушка аларын билдирип келет.

Евробиримдик жана анын негизги “оюнчуларынын” бири Германия жаңы жардам көрсөтүү каалоосун билдире элек.

Эгер грек өкмөтүнүн сунуштаган программасы кабыл алынбаса, Евробиримдиктен келген жардам токтойт жана Греция дефолт деп жарыяланат. Бул учурда өлкөнүн Евробиримдикке мүчөлүгүн токтотуу боюнча маселе көтөрүлүшү мүмкүн.

XS
SM
MD
LG