Швецияда бозгунда жүргөн өзбек имамы Обидхан Назаровдун уулу Давудхан ага карата куугунтук болуп жатканын айтып чыкты. Анын айтымында, Өзбекстандын коопсуздук мекемесинин кызматкерлери аны жана туугандарын коркутуп жатат. Бул тууралуу ал “Азаттыктын” өзбек кызматына билдирди.
Давудхан швед полициясы коопсуздугун толугу менен камсыз кыла албаганы үчүн бир жерден экинчи жерге орун которуп, жашынууга аргасыз болуп жатканын айткан.
57 жаштагы Обидхан Назаровду үч жыл мурун Швециянын Стремсунд шаарында белгисиз адамдар атып кеткен. Андан бери ал ооруканада. Акыркы күндөрү абалы жакшырып, сүйлөй баштаганы кабарланган.