Египетте сот белгилүү активист Абдел Фаттахты беш жылга кести. Ал бийликтен уруксат албай туруп акцияга чыккан жана полицияга кол көтөргөн деп айыпталган. Буга чейин Абдел Фаттах 15 жылга эркинен ажыратылган эле. Анын адвокаттары буга макул болбой кийинки баскычтагы сотко арызданышкан. Сот арызды бүгүн карап, жазаны беш жылга кыскартты. Адвокаттары бул чечимди да “ырайымсыз” деп атап, Египеттин Жогорку Апелляциялык сотуна кайрыларын билдиришти.
Абдел Фаттах өлкөдө белгилүү блогер. Ал 2011-жылы Хосни Мубаракты бийликтен кетирген акцияларга активдүү катышкан.
Азыркы бийликтин нааразылык акцияларына чыгуу үчүн уруксат алууну милдеттендирген демилгесине каршылыгын билдирип келген.