Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:46

Баткенде почта бөлүмүнүн башчысы киши өлтүрүүгө шектелүүдө


Баткен облусу
Баткен облусу

Баткен районунун Кара-Бак айылдык почтасынын кызматкери Турдугүл Камчиеванын өлүмүнө шектелип ошол бөлүмдүн жетекчиси жубайы менен кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткен облустук ИИБнин басма сөз кызматы билдирди. Шектүүлөр өткөн жумада кармалган. Тергөө уланып жатат.

Өткөн жылдын октябрында аталган почта бөлүмүндө иштеген Турдугүл Камчиева дайынсыз жоголгон. Быйыл 22-январда анын денесинин бөлүктөрү табылып, экспертизада аныкталган.

Тергөө кызыкчылыгына байланыштуу кылмышка шектүүлөр кандай негизде кармалганы азырынча ачык айтыла элек. (SE)

XS
SM
MD
LG