Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:42

Египет: “Аль-Жазиранын” журналисттеринин иши кайрадан каралууда


Египетте “Ал-Жазира” каналынын эки журналистинин иши кайрадан карала баштады. Каирде Мохаммед Фахми жана Бахер Мохаммеддин иши боюнча соттук жараян бүгүн башталат. Алар күрөөгө ушул айдын башында бошотулган. Алар ага чейин бир жылдан ашык абакта отурган.

Аталган эки журналист жана австриялык кесиптеши Питер Грест Египетте тыюу салынган “Мусулман агайындары” тобу менен кызматташып, өлкө тууралуу жалган маалымат тараткан деп айыпталышкан.

Египет бийликтеринин жүйөсүндө “Ал-Жазиранын” журналисттери “Мусулман агайындардын” таламын коргоп, аларга кызмат кылган. Мындан улам алар жетиден он жылга чейин абакка кесилген. Бирок жыл башында Египет соту бул чечимди кайра карамай болгон. Мындан соң Грест абактан бошотулуп, өз мекенине депортацияланган.

XS
SM
MD
LG