Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:40

ЕБ Венгриянын Орусия менен келишимин текшерет


Евробиримдик Венгриянын Орусия менен Пакш АЭСине жаңы реакторлорду куруу боюнча келишимин текшерет. Бул тууралуу Еврокомиссиянын энергетика маселелер боюнча өкүлү Анна-Кайса Итконен билдирди. Анын айтымында, экспертиза жаңы эле башталды жана долбоордун Евробиримдиктин мыйзамдары менен шайкештиги тууралуу бир нерсе деп айтуу кыйын. Бирок Итконен Пакшты жаңылоо боюнча долбоор тендерсиз тандалып алынганына көңүл бурду.

Виктор Орбан былтыр Москвага сапары учурунда Орусия менен 10 миллиард евролук келишимге кол койгон. Ал документке ылайык, Венгриядагы жападан жалгыз Пакш АЭСинин жаңы блокторун курууга Орусиянын “Росатом” мекемеси көмөктөшмөкчү. Өткөн аптада Владимир Путиндин Будапештке сапары менен болду. Бул сапар алдында миңдеген өлкө тургундары Путиндин келишине каршы нааразылык акциясын өткөргөн.

XS
SM
MD
LG