Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:53

Рейтердин Пакистандагы бюро башчысы каза болду


Рейтер маалымат агенттиги Пакистан жана Ооганстандагы бюросунун башчысы Мария Головнина Исламабадда белгисиз жагдайда каза болгонун кабарлады. 34 жаштагы Головнина 23-февралда бюро кеңсесинде эс-учун билбей жыгылып, ооруканага жеткирилген. Бирок дарыгерлер анын өмүрүн сактай албай калышты.

Мария Головнина Рейтерде 2001-жылдан бери иштеп келген. Ал буга чейин агенттиктин Токио, Лондон, Москва, Ооганстан жана Ирактагы кеңселеринде иштеген.

2013-жылы болсо Головнина Рейтердин Пакистан жана Ооганстандагы кеңсесинин жетекчиси болуп дайындалган. Учурда журналисттин өлүмү боюнча тергөө башталды.

 

 

 

XS
SM
MD
LG