Токтогул суу сактагычтагы суунун азаюусуна электр энергиясын ашыкча пайдалануу негиз берген. Бул тууралуу өткөн жыл үчүн отун-энергетика комплексинин иши тууралуу жылдык баяндамада айтылат. Ага ылайык, 2014-жылдын 1-январына арата Токтогул суу сактагычында 13,43 млрд. куб метр суу болгон. Үч айдын ичинде дээрлик 5 млрд. куб метр суу сарпталган, өлчөм боюнча 4,75 млрд. куб метр колдонулууга тийиш болчу. Ал эми суу сактагычка кирген суунун көлөмү аз болуп, иштелип агып чыккан суунун көлөмү кыйла көп болгон. Ортодогу айырма 4,42 млрд. куб метрди түзгөн.
Электр энергиясын иштетүү да мурдагы жылдарга салыштырмалуу кыйла көп болгон. “Түндүк электро” ишканасы өткөн жылы 134, 316 кВт. саат электр энергиясын көп колдонгон.Чүй облусу 123,844 кВт. саат ашыкча пайдаланган. Баткен облусу 91, 224 кВт. саат, “Чыгышэлектро” 89,731 кВт. саат электр энергиясын чектен аша колдонгон. Бул өз кезегинде Токтогул суу сактагычындагы суунун тездик менен азаюусуна негиз берген деп айтылат баяндамада.
Ушул тапта суу сактагычтагы суунун көлөмү 7 млрд. 845 млн. куб метрди түзөт. Айрым адистер бул көрсөткүч Токтогул ГЭСинин ишин токтотууну талап кыларын айтып келишет.(ZKo)