Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:32

Ирактын аскер күчтөрү ал-Багдади шаарына чабуул койду


Акыркы эки күндө АКШ жана анын союздаштары Ирак менен Сириядагы согушчандарга абадан 25 жолу сокку урду.
Акыркы эки күндө АКШ жана анын союздаштары Ирак менен Сириядагы согушчандарга абадан 25 жолу сокку урду.

Ирактын аскер күчтөрү шаарды кайтарып алуу үчүн чабуулду баштаганын АКШнын аймактагы колбашчысы Жеймс Терри билдирди. Анын айтуусунда 800гө жакын ирак аскерлери АКШ аба күчтөрүнүн жардамы менен шаарга киришти. Терри “Ислам мамлекети” тобунун аракеттери токтотулду деп айтып, мындан ары согушчандар майда чабуулдарды гана жасабаса, кеңейе албайт деп билдирди.

Акыркы эки күндө АКШ жана анын союздаштары Ирак менен Сириядагы согушчандарга абадан 25 жолу сокку урганы кабарланды.

23-февралда БУУ Иракта өткөн жылы 11600 киши өлүп, 21800 адам жараткат алганын айтып чыкты.

АКШ баштаган НАТО мүчөлөрү жана Перс булуңундагы он Араб өлкөсү “Ислам мамлекети” уюшмасына каршы сентябрь айында коалиция түзгөн. Ага жакында Түркия кошулду. Коалицияга кирген өлкөлөр ошондон бери жихадчыларга учактан сокку уруп келе жатышат.

XS
SM
MD
LG