Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:51

Бир айда жети жүздөй үй-бүлө ажырашты


2014-жылы 55251 түгөй никеден өтүп, 9276 жуп ажырашкан.
2014-жылы 55251 түгөй никеден өтүп, 9276 жуп ажырашкан.

Быйыл январь айында Кыргызстанда 668 үй-бүлө ажырашты. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда, ажырашуу Жалал-Абад облусунда эң көп катталды. Аймакта бир айда эле 104 түгөй эки ача жолго түшкөн. Экинчи тепкичте Ош шаары турат. Ошто январда ажырашкан үй-бүлөлөрдүн саны 35 болду.

Өлкө аймагында өткөн бир айда 4123 үй-бүлө расмий каттоого алынды. Ал эми каттоого турбагандарды кошо эсептегенде бул сан дагы жогорулайт. Эң көп үлпөт той Ош облусунда катталды. Бул аймакта 1093 түгөй январда баш кошту. Экинчи орунда Жалал-Абад (857 үй-бүлө), үчүнчү тепкичте Чүй облусу (529) турат. Ал эми Бишкекте өткөн айда 344 жуптун никеси расмий катталды.

2014-жылы Кыргызстанда 55251 түгөй никеден өтүп, 9276 үй-бүлө ажырашкан. (SE)

XS
SM
MD
LG