Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:52

“Центерра” өкүлдөрү кезектеги сүйлөшүү үчүн Кыргызстанга келди


Кумтөр долбоору боюнча кезектеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Centerra Gold Inc компаниясынын укуктук маселелер боюнча директору Франк Герберт жана бир катар кеңешчилери шейшемби күнү Бишкекке келди. Алардын Кыргызстанга сапары бир жумага созуларын “Кыргызалтын” ишканасынан кабарлашты. Буга чейин тараптар Кумтөр боюнча макулдашуунун долбоору менен таанышуу үчүн документтин чийки вариантын карашкан.

Centerra өкүлдөрү өткөн айда да келип кеткен. Тараптар экологиялык маселелер, калдыктар жана башка бир топ суроолор боюнча орток пикир таба албай келүүдө.

Ал арада Кумтөр долбоору боюнча сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу өкмөттүн маалыматы бүгүн Жогорку Кеңештин төрт комитетинде каралып жатат. 26-февраль күнү жалпы жыйында талкууланат.

“Республика” фракциясы бул жаатта февралдын соңуна чейин чечим кабыл алынбаса өкмөттүн отставкасын талап кылары айтылган.

Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча кыргыз өкмөтү Канаданын Centerra Gold Inc ишканасы менен орток пикирге келе албай жатканына бир жылдан ашты. Мурдагы өкмөт 50/50 пайыз үлүш менен иштетүү келишимин сунуш кылып, парламент колдоп берген. Бирок азырынча натыйжа чыга элек. (SE)

XS
SM
MD
LG