Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:09

Эшек эти боюнча окуя иликтенүүдө


Чүйдүн Манас айылында ондогон эшек союлган окуяга байланыштуу Сокулук райондук милициясы кылмыш иш козгогон. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Чүй облустук милициясынан кабарлашты. Үч апта мурда козголгон кылмыш иш Экономикалык кылмыштарга каршы кызматка өткөрүлүп берилген.

Окуя болгон жерге бүгүн КТРКнын журналисттери да барып келди. Бул боюнча берүү даярдап жаткан журналист Мээрим Бакир кызы “Азаттыкка” билдиргенине караганда, алар жергиликтүү тургундардын арызы менен Бишкектин четиндеги Манас айылына барган. Аталган конуштун тургундары көрсөткөн үйгө киргенде эшектин кесилген баштарын, туяк, туздалган ичеги-карын көрүшкөн.

Видеого тартуу учурунда терезелери караңгылатылган 3-4 унаада адамдар келип, алардын камерасын тартып алганга аракет жасаган.

Эшек эти табылган жай мурда чочко сарай болгону, азыр ал кимге таандык экени анык боло элек. Бирок журналисттердин болжолдуу маалыматына караганда эт Бишкектеги кафе-ресторандарга же эт базарларга өткөрүлүп келген болушу ыктымал. Журналисттер окуяны тастыктаган сүрөттөрдү социалдык тармактарга да жайгаштырышты.

Тиешелүү мекеме өкүлдөрү бул маалымат боюнча азырынча комментарий бере элек. (SE)

XS
SM
MD
LG